БашкыЭкономика

Кыргызстанда жумушчулардын төрт пайызы гана 66 миң сом өлчөмүндө айлык алат

Кыргызстанда жумушчулардын төрт пайызы гана 66 миң сомдон ашык суммага айлык алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статком 2022-жылдын ноябрь айында ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин эсептелген эмгек акынын өлчөмү боюнча санынын жылдык изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Мында кызматкерлерди бөлүштүрүү 2022-жылы 2 миң 200 сомду түзгөн минималдуу эмгек акынын минималдык өлчөмүн колдонуу менен жүргүзүлдү.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 240 миңден ашуун адам же кызматкерлердин дээрлик жарымы (49%) 22 миң 1 сомдон 66 миң сомго чейинки өлчөмдө эмгек акы алышкан.

20 миңге жакын адам же жалпы жумушчулардын 4 пайызы 66 миң сомдон ашык өлчөмдө эмгек акы алышкан. Ошол эле убакта 19 миңден ашуун адам (4%) 6 миң 600 сомго чейинки өлчөмдө эмгек акы алышкан.

Source
Kabar

TuraNews

Back to top button