Спорт

“Атлетико Мадриддин” координатору кыргыз футболчуларын машыктыра баштады

ФИФАнын машыктыруучусу Даниэл Лимонес Бишкекте  жаш футболчуларды машыктыра баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, испаниялык машыктыруучу Таланттарды өнүктүрүү схемасы алкагында ишке ашырылган FIFA Talent Coaching (Таланттарды өнүктүрүү схемасы) багыты боюнча ишмердүүлүгүн баштады.

Даниэл Лимонес жарым жыл ичинде ичинде футбол академияга тиешелүү жаштар курамдардын машыктыруучулары менен иш жүргүзүп, 13-16 жаштагы оюнчулардан куралган эки жаштар жана бир кыздар курамасынын насаатчысы болуп дайындалып, алар менен машыгууларды өткөрөт.

Тажрыйбалуу адис УЕФА PRO машыктыруучулук лицензиясына ээ. Өз учурунда «Атлетико Мадрид» (Испания) футболдук академиясынын координатору, Пакистан футбол федерациясынын техникалык директору жана Испаниянын Ла-Лига Академиясында да иштеген.

Аталган пилоттук долбоор Коста-Рика, Венесуэла, Бенин, ТАР, Финляндия, Фиджи Аралдары жана Кыргызстанда ишке ашырылууда.

Source
bishkek24

TuraNews

Back to top button